Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 338
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 , 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жобо 6-тиркемеге ылайык;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставы 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын уставы 9-тиркемеге ылайык.
"Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2022-жылдын 20-майындагы № 270, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 , 2023-жылдын 5-декабрындагы № 649 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Күчүн жоготту деп табылсын: