Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы N 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 236, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761, 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Борбор) ишин регламенттейт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
3. Борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Министрликтин актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштей турган юридикалык жак болуп саналат жана оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ.
6. Борбордун өз алдынча балансы, финансы-чарбалык мекемелердеги эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Борбор жарандык жүгүртүүгө катышууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган келишимдерди түзөт.
8. Борбордун толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси";
2) расмий тилде: "Государственное учреждение "Производственно-инновационный центр" при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
9. Борбордун кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "ӨИБ" ММ;
2) расмий тилде: ГУ "ПИЦ".
10. Борбордун юридикалык дареги: 720045, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, 200.