Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 24-декабры № 346
Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 122, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2023-жылдын 28-августундагы № 433 , 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162, 2026-жылдын 19-майындагы № 351 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине коюлган милдеттерди эффективдүү ишке ашыруу, натыйжаларга жетишүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87, 92-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүш-инновация борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 токтомунун редакциясына ылайык
2-1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 433 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2023-жылдын 28-августундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы төмөнкүлөрдүн укук мураскери болуп эсептелет деп белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 1 - № 28, № 30 - № 48, № 50 - № 52, № 954 - № 960 жол тейлөө мекемелери;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин "Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы" мамлекеттик ишканасы;