Загрузка документа…
4-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы N 346 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 209, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомдорунун редакцияларына ылайык )
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин укуктук жана экономикалык негиздерин белгилейт, түзүү булактарын жана чыгымдардын максаттарын, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, Фондго түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн тартибин аныктайт.
2. Фонд жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоо максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (мындан ары - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Фонд өз ишин "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 195 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Фонд мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилген мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарууну ишке ашырат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, негизги жана жүгүртүүчү каражаттары, казыналык системасында эсептери болот.
5. Фонддун каражаттары республикалык бюджетте топтолот, максаттуу мүнөзгө жана атайын багытка ээ.
6. Фонддун толук аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду";
2) расмий тилде: "Дорожный фонд при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Жол фондунун кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Жол фонду";
2) расмий тилде: "Дорожный фонд".
7. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көч., 42.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде ишке ашырат.