Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 16 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Инновациялык борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Кыргызпатент) ведомстволук уюму болуп саналат.
4. Инновациялык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргызпатент жөнүндө жобону, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргызпатенттин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Инновациялык борбор мамлекеттик менчикте турган обочолотулган мүлктү ыкчам башкаруу укугу берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык казыналык өздүк эсеби, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мамлекеттик гербдин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары бар. Инновациялык борбордун уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Инновациялык борбордун фирмалык аталышы:
толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: Государственное учреждение "Инновационный центр" при Государственном агентстве интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики";
кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инновациялык борбор" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Инновационный центр".