Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 390
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189, 2026-жылдын 12-октябры № 689 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду болуп;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 689 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 689 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (илим, жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү маселелери боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин укуктары жана милдеттенмелери боюнча укук улантуучусу болуп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги саналат;
2) ушул токтомду ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине тийиштүү жылдарга республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат;
3) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын эмгек акысы эмгек акынын колдонуудагы шарттары боюнча сакталат;
4) мурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде илим, жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү маселелерин чечүү менен байланышкан функцияларды аткарууну камсыздоочу штаттык бирдиктер, анын ичинде аталган функцияларды ишке ашырууну финансылык, укуктук, кадрдык, уюштуруучулук жана башка камсыздоого жооптуу бөлүмдөрдүн штаттык бирдиктери тиешелүү материалдык-техникалык базасы жана финансы каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине өткөрүп берилет.