Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-февралы № 47
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруунун алкагында ишке ашырылуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында жүргүзүлүп жаткан уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 11-пунктундагы ", ошондой эле байланыш системасын" деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пунктунда:
экинчи абзацындагы "байланыш системаларын" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө көмөк көрсөтүү максатында ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен ыкчам жана башка маалыматтарды талдоону жүзөгө ашыруу.";
- 13-пунктунда:
экинчи, үчүнчү, төртүнчү, алтынчы, он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма алтынчы-жыйырма тогузунчу абзацтар менен толукталсын: