Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-марты № 107
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрүн, жоопкерчилик лимиттерин жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-мартындагы N 114 токтомунун редакциясына ылайык)
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бекитилсин:
1) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрү жана жоопкерчилик лимити:
- ар бир жабырлануучунүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги жана төмөнкүлөргө алып келгендиги үчүн:
жабырлануучунун өлүмүнө - 300000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө;
жабырлануучуга майыптуулуктун белгиленишине:
I топтогу - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
II топтогу - 150000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө;
III топтогу - 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;
"майып-бала" категориясы - 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;
майыптуулук белгиленбестен майып болууга, жаракатка же ден соолугунун башка бузулушуна - амбулатордук жана (же) стационардык дарыланууга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө, бирок 100000 (жүз миң) сомдон ашык эмес;
- жабырлануучунун мүлкүнө келтирилген зыян үчүн - келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок ар бир жабырлануучуга 150000 (жүз элүү миң) сомдон ашык эмес жана бардык жабырлануучуларга 450000 (төрт жүз элүү миң) сомдон ашык эмес;
2) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча базалык камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү 1680 (бир мин алты жүз сексен) сом суммасында;
3) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн эсептөө үчүн камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттери тиркемеге ылайык.
2. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү ушул токтом менен бекитилген базалык камсыздандыруу сый төлөмү менен камсыздандыруу тарифтеринин коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары камсыздандыруучулар тарабынан эсептелет деп белгиленсин.