Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-февралы № 100
Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-июнундагы № 317 токтомунун редакциясына ылайык)
Темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүнү транспорттук камсыздоо жана республиканын жана региондордун экономикасын андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Балыкчы - Кочкор - темир жолун куруу боюнча иштин заказчысы болуп "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
- Балыкчы - Кочкор - темир жолун куруу боюнча башкы подрядчы болуп "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын "Көпүрө куруу отряды" мамлекеттик ишканасы.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- Балыкчы - Кочкор - темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына ар тараптуу көмөк көрсөтсүн;
- зарыл болгон учурда Балыкчы - Кочкор - темир жолун жана жол инфратүзүмүн куруу үчүн "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына зарыл болгон жер участокторун бөлүү жана пайдалануу укуктарын каттоо/кайра каттоо бөлүгүндө жер-кадастрдык документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна Балыкчы - Кочкор - темир жолун курууга тоскоол болгон ВЛ - 220/110/35 кВ чыгарууну долбоорлоо жана куруу иштерин аткаруу;
- "Чыгыш электр" ачык акционердик коомуна Балыкчы - Кочкор - темир жолун курууга тоскоол болгон 10 кВ электр берүү линиясын кайра орноштуруу боюнча иштерди аткаруу.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-августундагы № 559 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 4-августундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 13-январындагы "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруучулук маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-июлундагы № 385 "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 5-августундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 12-июлундагы "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолун куруу жөнүндө" № 385 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.