Редакцияот 22.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 22-марты № 149

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 569 "Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

1

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

451

81

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппараты

200

29

 

аймактык бөлүмдөрү

11

5

 

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелери(*)

221

143

 

ведомстволук бөлүмдөрү

19

4

1) 2022-жылдын 1-январынан тартып

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

468,5

181

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппараты

215

29

 

аймактык бөлүмдөрү

11

5

 

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелери(*)

223,5

143

 

ведомстволук бөлүмдөрү

19

4

.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров