Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
| ||
|
| ||||
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна) | |||
|
|
|
|
|
|
Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 523, 2025-жылдын 3-октябрындагы № 631 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө ушул жободо (мындан ары - Жобо) маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерди укуктук жактан жөнгө салуу негиздери белгиленген.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан календардык айдын ичинде белгилүү бир татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн кызматкердин эмгек акысын белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы;
компенсациялык төлөмдөр - кызматкерлерге эмгек же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - кызматкерге эмгектин сапаттуу жана өз убагында натыйжасына жетүүгө дем берүүчү төлөмдөр. Дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр кызматкерге иштин натыйжалуулугун жана сапатын баалоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди эске алуу менен белгиленет;
эмгекти баалап төлөө формасы - көлөмү макулдашууда жана келишимде алдын ала сүйлөшүлгөн иштин толук аткарылгандыгы үчүн кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акы;
типтүү штаттар - мекемелердин штаттык санын тартипке салуунун чектүү ченеми.
3. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы иш убактысынын ченеминин аткарылышын эске алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен кызматтык маянага жараша аныкталат. Ушул Жободо аталган бардык төлөмдөр (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган кошумча төлөмдөрдөн тышкары) башка жогорулатууларды жана төлөмдөрдү эске албастан, кызматтык маянадан белгиленген өлчөмдө гана эсептелет.
4. Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн райондук коэффициенттерди колдонуунун өлчөмдөрү жана тартиби, ошондой эле маданият, искусство, маалымат жана спорт кызматкерлерине ушул Жободо аталбаган башка төлөмдөр бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын аймактарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
5. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин жетекчилери зарыл болгон учурда эмгек акы фондунун чегинде кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдонушу мүмкүн.
6. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин жетекчилери кызматкерлердин эмгек акы фондунун чегинде эмгекти баалап төлөө формасын колдонушу мүмкүн.
7. Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелер боюнча - маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин жетекчилерине, ал эми борборлоштурулган бухгалтерия тейлеген уюмдар боюнча - биринчи кол коюу укугу менен кредиттердин башкы тескөөчүсүнө;