Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 22-майындагы № 364
токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор,
2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө
кирүүчү 1-пункттун үчүнчү абзацын кошпогондо,
2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
|
| 1-тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык) |
Салык карызын өндүрүү
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533, 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип салык милдеттенмелерин аткаруу жана салык карызын өндүрүп алуу тартибин жөнгө салат.
2. Эгерде ушул Тартипте башкача каралбаса, ушул Тартип салык кызматынын органдары башкаруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү (мындан ары – камсыздандыруу төгүмү) жана салыктык эмес кирешелер боюнча карыздарга карата колдонулат.
2-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу
3. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат жана Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеменин белгилери болбогон чет өлкөлүк уюмдун чет өлкөлүк валютада аткарышы мүмкүн болгон салык милдеттенмесин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом менен аткарылат.
Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.
4. Салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же башка үчүнчү жак тарабынан салыктын бардык эсептелген суммасын төлөөнүн эсебине накталай эмес формада, анын ичинде санарип сом менен дароо же бөлүк-бөлүк боюнча төлөө аркылуу, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда жана салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан аткарылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар!
Ушул Тартиптин 4-пунктуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-майындагы № 364 токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
5. Уюмду; жоюлуп жаткан төлөөгө жөндөмдүү уюмду же жеке ишкерди; каза болгон же каза болду деп жарыяланган жеке ишкерди; дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жакты кайра уюштурууда салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салыктык карыздарды жоюу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары – Салык кодекси) каралган тартипте жүргүзүлөт.
6. Банкрот деп таанылган же жарыяланган, төлөөгө жөндөмсүз уюмдун же жеке ишкердин салыктык милдеттенмесин аткаруу жана салык карыздарын жоюу Салык кодексинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган администратор салык органына төмөнкүлөр жөнүндө маалымдайт:
– банкроттук процесстин башталгандыгы жөнүндө жана соттун же кредиторлордун чогулушунун карызкорду банкрот деп таануу (жарыялоо) тууралуу чечимдин (соттон тышкаркы тартипте банкроттук процессинде) көчүрмөсүн жиберет;
– банкроттук процесстин аяктагандыгы жөнүндө жана юридикалык жакты жоюу (соттук/соттон тышкаркы тартипте) же соттук тартипте жеке ишкердин ишкердик ишин токтотуу тууралуу чечимдин көчүрмөсүн жиберет.
3-глава. Салык карызын төлөө тартиби
7. Ар бир салыкка карата салык карызы Салык кодексинин 71-беренесинде каралган тартипте төлөнөт.
8. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте төлөнөт.
4-глава. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу тартиби
9. Салык төлөөчү Салык кодексинин 72-беренесинде каралган учурларда салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин (мындан ары – жеңилдетилген режим) колдонууга укуктуу.
Салык төлөөчү учурдагы салыктык эсепке алуу же эсептик каттоо жери боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арызды салык органына жиберет.
10. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн салык органы тарабынан салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу боюнча салык органынын кызматкерлеринен турган комиссия (мындан ары – комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы жана иш регламенти салык органынын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так санда, бирок 5 адамдан кем эмес болууга тийиш. Комиссияны салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары башкарат.
11. Комиссия салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу үчүн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасын төлөөнү жана/же эсепке алууну текшерет.
12. Эгерде салык төлөөчүдө салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы болсо жана/же салыктык текшерүүнүн же такталган салыктык отчеттуулукту берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн салыктык карыздын бардык суммасы төлөнсө жеңилдетилген режимди колдонууга жол берилет.
13. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимде көрсөтүлгөн салыктын бир же бир нече түрү боюнча жеңилдетилген режимди жарым-жартылай колдонууга жол берилет, ошол эле учурда салыктын бир түрүнүн мезгили боюнча жеңилдетилген режимди жарым-жартылай колдонууга жол берилбейт.
14. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
Комиссиянын протоколунун негизинде салык органынын салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу же салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуудан баш тартуу жөнүндө чечими чыгарылат, ага салык органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары кол коет.
15. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, салык органынын эсептелген жана төлөнгөн салыктарды эсепке алууну жүргүзүү жүктөлгөн кызмат адамы салык органынын чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн жеке эсебинен төлөө күнүнө эсептелген салык санкциясынын жана туумдардын суммасынын калган бөлүгүн эсептен чыгарат.
16. Салык органынын чечими Салык кодексинин 97-беренесинде каралган тартипте салык төлөөчүгө тапшырылат.
17. Камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелерге карата салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууга жол берилбейт.
5-глава. Салык милдеттенмесин токтотуу
18. Салык кодексинин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы төлөндү деп эсептелет.
19. Милдеттенмени токтотуу жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды төлөө Салык кодексинин 79-беренесинин 1, 5 жана 7-пункттарында каралган учурларда гана жүргүзүлөт.