Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-августу № 533
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын тизмегинде:
– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
5 | Сосновка | Чүй облусунун Жайыл району | Күнү-түнү |
+ |
- |
+ |
+ |
+ |
+ |
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 “Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“0 пайыз өлчөмүндөгү патенттин ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жакын тууганын жалданма кызматкер катары ишке тарткан учурда колдонулат.”;
2) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
“5) ушул токтомдун 2-тиркемесинин 12-пункту жана 30-пунктунун 2-пунктчасы 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык органдары тарабынан камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 3-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ыйгарым укуктуу салык органы салыктык милдеттенмелерди эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиктери жөнүндө, ошондой эле салыктык отчеттуулукту толтурууда салык төлөөчү тарабынан кетирилген башка каталарды күбөлөндүрүүчү маалыматтарды алган учурда, эгерде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан тиешелүү көчмө текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынбаса, ыйгарым укуктуу салык органы бул маалыматтарды аймактык салык органына камералык же көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн жиберет.”;