Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 токтому менен бекитилди) |
Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин
каптал айнектерин күңүрттөөгө
жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты
каттоонун тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 474, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 22-августундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Бул Тартипте транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо аныкталган.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) транспорт каражатынын ээси - менчик укугунда же башка мүлктүк укуктарда транспорт каражатына ээ болгон юридикалык же жеке жак;
2) арыз ээси - таандык болгон транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо үчүн кайрылган резиденттер жана резидент эместер;
3) резиденттер - Кыргыз Республикасынын жараны, кайрылман статусун алган этностук кыргыздар, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
4) резидент эместер - ушул Тартипке ылайык жеке жана юридикалык жак - резидент болуп таанылбаган жеке жана юридикалык жактар;
5) уруксатты каттоо - транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат жөнүндө маалыматтарды транспорт каражаттарынын электрондук маалыматтар базасына киргизүү;
6) көчүрмө - транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоону ырастаган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ түрүндө таризделген маалымат;
7) "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы ("ТКК" АМС) - катталган транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо үчүн арналган автоматташтырылган маалыматтык система;
8) VID - транспорт каражатынын уникалдуу идентификациялык номери;
9) М-1 - жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу, айдоочунун ордунан тышкары, отуруу үчүн сегизден көп эмес орундугу бар жеке автомобилдер;
91) M-1G - өтүмдүүлүгү жогору болгон, М-1 категориясындагы (жүргүнчүлөрдү ташууга арналган, айдоочунун ордунан тышкары сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдер) транспорт каражаттары;
10) ыйгарым укуктуу орган - автомототранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана айдоочуларга транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган;
11) транспорт каражатын күңүрттөөгө уруксатты онлайн-каттоо сервиси - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарынын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн багытталган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркемеси же төлөө уюмдарынын башка санарип инструменттери.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 474, 2025-жылдын 22-августундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана уруксат берүү талаптары
3. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:
- жеке жак-резиденттер үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
- юридикалык жактар үчүн 700 эсептик көрсөткүч;
- резидент эместер үчүн 900 эсептик көрсөткүч.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 490 "Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акцияны жарыялоо жөнүндө" токтому
31. Электрмобилдердин алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйым төмөнкүдөй өлчөмдө алынат:
- жеке жак-резиденттер үчүн 300 эсептик көрсөткүч;
- юридикалык жактар үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
- резидент эместер үчүн 700 эсептик көрсөткүч.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 516 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты алуу үчүн акы төлөө республикалык бюджетке накталай акчаны берүү же акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
5. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоо республикалык бюджетке жыйым төлөнгөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жеңил автомобилдерди (такси) кошпогондо, уруксат М-1, M-1G категориясындагы транспорт каражаттарына берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 516 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөө боюнча иштерди аткаруу уруксат катталгандан кийин, транспорт каражатынын ээси тарабынан өз алдынча же мындай иштерди жүзөгө ашырган ишкердик субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Арыз ээсинин каалоосу боюнча транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин жарык өткөрүүнү чектөөсүз күңүрттөөгө жол берилет.