Загрузка документа…
|
| ||
|
| Тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 токтомуна) | |
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 596 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын (мындан ары - кызматчы) жеке маалыматтарын жүргүзүү, сактоо, өткөрүп берүү жана бардык башка пайдалануу, ошондой эле анын өздүк ишин "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүргүзүү эрежелерин аныктайт.
2. Жумуш берүүчүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин;
- кызматчылардын жеке маалыматтарын укуксуз же кокустан жеткиликтүү болуп калуудан, жеке маалыматтарды өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрүүдөн, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле кызматчылардын жеке маалыматтарына карата башка укуксуз аракеттерден коргоо боюнча зарыл укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды кабыл алуу.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өздүк иштерди жүргүзүү үчүн жана бул жеке маалыматтарды коргоо режимин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тарта турган персоналды башкаруу кызматын же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамды аныктайт.
4. Кызматчынын жеке маалыматтарын алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүүдө персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам төмөнкү талаптарды сактоого милдеттүү:
- кызматчынын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын сактоону камсыз кылуу, кызматчыга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматын жана муниципалдык кызматын өтөөгө, окутуудан өтүүгө жана кызматтык жактан өсүүгө көмөктөшүү, кызматчынын жеке өзүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле ага таандык мүлктүн жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мүлкүнүн сакталышын камсыздоо, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжаларын эсепке алуу максатында жүзөгө ашырылат;
- жеке маалыматтарды кызматчынын өзүнөн алуу керек. Кызматчынын жеке маалыматтарын үчүнчү тараптан алуу зарылдыгы пайда болгон учурда, бул тууралуу кызматчыга алдын ала кабарлоо, анын жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу жана жеке маалыматтарды алуунун максаттары, болжолдуу булактары жана ыкмалары тууралуу билдирүү зарыл;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген саясий, диний жана башка көз караштары, жеке турмушу, коомдук бирикмелердеги, анын ичинде кесиптик бирликтердеги мүчөлүгү жөнүндө кызматчынын жеке маалыматтарын чогултууга жана анын өздүк ишине киргизүүгө тыюу салынат;
- кызматчынын кызыкчылыктарына тиешеси бар чечимдерди кабыл алууда автоматташтырылган иштеп чыгуунун натыйжасында же электрондук сактагычтарды колдонуу менен алынган кызматчынын жеке маалыматтарын негиз кылып алууга тыюу салынат;
- кызматчынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануудан же жоготуудан коргоо Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен камсыз кылынат;
- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болбосо, кызматчынын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүүгө жол берилбейт.
2. Өздүк ишти түзүү
5. Өздүк ишти түзүү тийиштүү кызматка кабыл алынган учурда кызматчы тарабынан берилген ал жөнүндөгү документтик маалыматты иреттүү топтоо максатында жүргүзүлөт. Кызматчылардын өздүк ишин түзүү (андан ары жүргүзүү жана тариздөө) бул документтердин талаптагыдай колдонулушун камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тарткан персоналды башкаруу кызматына же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамга жүктөлөт.