Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 12-июлу № 370
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Баткен облусунун калкынын социалдык бакубаттуулугу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
1) IV бөлүмүндө. Изилдөө, талдоо, баалоо жана. экспертиза тармагында:
- 23-главасынын 12, 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Бул кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандар төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек: - Үй-бүлөлүк медицина борборунун же аймактык оорукананын врачынын жолдомосун (Баткен облусунун калкы үчүн - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жашаган жери боюнча катталгандыгын күбөлөндүрүүчү кошумча документти); - өтүнмөнү; - акы төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны (Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген) |
13 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын жетекчилигинин буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын маалымат такталарында жана расмий сайтында: www.med.kg жана ОАМСЭКД сайтында: www.dgsen.kg жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген |
2) IX бөлүмүндө. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр:
- 5-главасынын 12, 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документти (паспортту, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү) көрсөтүү (Баткен облусунун калкы үчүн - Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жашаган жери боюнча катталгандыгын күбөлөндүрүүчү кошумча документти); - саламаттык сактоо уюмунун кассасына медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу (Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген); - тиешелүү адиске кайрылуу; - медициналык кызматкердин лабораториялык диагностикалык изилдөөгө жолдомосун көрсөтүү |
13 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын жетекчилигинин буйругу менен монополияга каршы мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин органынын маалымат такталарында жана расмий сайтында: www.med.kg жайгаштырылат. Баткен облусунун калкы үчүн кызмат көрсөтүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси менен белгиленген |