Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 6-октябрындагы № 673 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
2022-жылдын 1-сентябры № 478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республикалык бюджеттин кассалык планын түзүү процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 108-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пунктундагы "республикалык бюджетинин" деген сөздөр "бюджеттик системасынын бюджеттеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин кассалык планын түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пунктунун он төртүнчү, он жетинчи абзацтарындагы "Өкмөт" жана "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Республикалык бюджеттен каржылоону жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелердин башкы тескөөчүлөрү (тескөөчүлөр, алуучулар) болуп саналган бюджеттик каражаттарды алуучулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү негиздемелери жана түшүндүрмөлөрү менен чыгымдардын экономикалык классификациясынын беренелери боюнча каржылоого бир айлык муктаждыкты (өтүнмөлөр) берет.";
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгымдардын жалпы суммасын бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, тескөөчүлөрү боюнча бөлүштүрүүдө алардын өздүк эсептеринде каражаттардын калдыктарынын болушун эске алууга укуктуу.";
- 9, 10-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Республикалык бюджеттин ресурстарынын пландалган түшүүлөрүнө жана чыгымдарына жараша каралып жаткан мезгилдин аягына карата республикалык бюджеттин акча ресурстарынын калдыктары "оң" же "терс" мааниге ээ болушу мүмкүн.