Редакцияот 18.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 18-октябры № 568

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 499 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушу жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров