Редакцияот 09.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 9-сентябры № 500

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 248 "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы № 501 "Кыргыздипсервис" мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 372 "Дипломаттык почтаны таануу жана бир жерден экинчи жерге которуу эрежелерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров