КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 3-октябры № 542
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл, Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 463 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл Кароол, Куршаб айыл аймактарынын жашоочуларын жеке турак үйлөрдү курууга жер участоктору менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 17-августундагы № 01-39/1132, 2022-жылдын 19-августундагы № 01-39/1150, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1326, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1324, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1321, 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 01-39/1322, 2022-жылдын 24-сентябрындагы № 01-39/1330, 2022-жылдын 24-сентябрындагы № 01-39/1329 корутундуларын жана Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 18, 2022-жылдын 12-августундагы № 01-13/37, 2022-жылдын 15-августундагы № 01-14/294, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/53, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/50, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/45, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/48, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13/52, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 01-13147, 2022-жылдын 24-сентябрындагы № 01-13/54 токтомдорун эске алып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл Кароол, Куршаб айыл аймактарында жайгашкан, жалпы аянты 312,17 га жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
- Баш-Дөбө айыл аймагында, Айгыр-Жол участогунда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 103,30 га аянттагы жерлери, № 928 (1,5 га), № 938 (8,24 га), № 928 (3,50 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери, № 210 (0,42 га), № 238 (0,41 га), № 240 (0,24 га), № 241 (3,88 га) контурлардагы жайыттын жерлери, № 237 (1,72 га) контурдагы токойлуу жерлери, № 696 (1,06 га) контурдагы башка жерлер, Бостон (Көк-Таш) участогундагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 242 (1,27 га) контурдагы көп жылдык бак-дарактардын (тыт) жерлери, № 26 (27,0 га), № 16 (6,45 га), № 18 (10,37 га), № 17 (17,14 га), № 77 (9,16 га), № 20 (10,94 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери;
- Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан 86 га аянттагы жерлер, көп жылдык бак-дарактар - 48 га, жайыттар - 19,3 га, кайрак айдоо жерлери - 18,7 га, атап айтканда № 106 (34,0 га), № 160 (9,0 га), № 166 (5,0 га) контурларда, № 854 (5,0 га), № 1044 (1,30 га), № 1036 (2,0 га), № 883 (1,5 га), № 920 (3,0 га), № 920 (4,0 га), № 929 (2,5 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 68 (10,0 га), № 1188 (1,43 га), № 1282 (2,0 га), № 1355 (1,70 га), № 1187 (2,24 га), № 1189 (1,33 га) контурларда жайгашкан кайрак айдоо жерлери;
- Төрт-Көл айыл аймагында жайгашкан 26,3 га аянттагы жерлер, № 853 (10,0 га), № 1430 (1,80 га), № 1191 (0,50 га), № 1192 (0,10 га), № 1193 (0,40 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 402 (10,0 га) контурдагы муниципалдык менчиктеги көп жылдык бак-дарактардын жерлери жана Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун № 1198 (3,50 га) контурдагы көп жылдык бак-дарактардын жерлери ;
- Кароол айыл аймагында жайгашкан 60,10 га аянттагы жерлер, № 919 (16,80 га), № 995 (4,60 га), № 1001 (1,2 га), № 1002 (4,38 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери, № 992 (0,75 га), № 927 (1,60 га), № 928 (1,0 га), № 931 (2,40 га), № 936 (7,20 га), № 1015 (0,70 га), № 1023 (2,25 га), № 1023 (2,55 га), № 1008 (3,75 га), № 1008 (4,76 га), № 996 (0,64 га), № 1008 (3,22 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 993 (2,0 га) чөп чабык, № 929 (0,30 га) жолдор;
- Куршаб айыл аймагында жайгашкан 36,47 га аянттагы жерлер, № 119 (5,0 га), № 171 (1,6 га), № 1771 (4,53 га), № 1772 (4,12 га) контурлардагы көп жылдык бак-дарактардын жерлери, № 246 (2,5 га), № 262 (0,50 га), № 2082 (1,15 га), № 1759 (2,04 га), № 1770 (0,55 га) контурлардагы жайыттардын жерлери, № 263 (1,50 га), № 576 (11,20 га) контурлардагы кайрак айдоо жерлери, № 2072 (1,20 га), № 2079 (0,58 га) контурлардагы башка жерлер.