Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 679 токтомуна) |
Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөөнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация (мындан ары - бир жолку акчалай компенсация) төлөө маселелерин жөнгө салат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бир жолку акчалай компенсация төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулган негизги аныктама:
- мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруу - ВИЧти жуктуруу саламаттык сактоо мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү учурунда тери жана былжыр катмарларынын бүтүндүгүнүн бузулуусу аркылуу болот.
2. Бир жолку акчалай компенсация төлөөнү жүргүзүү тартиби
4. Бир жолку акчалай компенсация алууга укугу бар адамдар:
1) ушул Тартипке ылайык төлөмдөр эсептелген күнгө карата 18 жашка толгон, 2005-жылдын 23-августунан баштап алардын жашы жеткенге чейин мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган адамдар;
2) 2005-жылдын 23-августунан баштап мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган жана ушул Тартипке ылайык төлөмдөр эсептелген күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелери (ата-энелерин алмаштырган адамдар);
3) 2005-жылдын 23-августунан баштап мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алгандан кийин каза болгон балдардын ата-энелери (ата-энелерин алмаштырган адамдар).
5. Ушул Тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга бир жолку акчалай компенсация төлөө 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.
6. Бир жолку акчалай компенсация төлөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) түндүк регион боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык "СПИД" борбору тарабынан;
2) түштүк регион боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча борбору тарабынан.