Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 795
ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жаатындагы коомдук саламаттык сактоо жана жарандардын ден соолугун коргоо маселелери жөнүндө
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16, 23, 51-53-беренелерин, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 116-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Адамдын иммундук жетишсиздик вирусун күбөлөндүрүү, текшерүү, каттоого алуу жана маалыматтын купуялуулугун сактоо тартиби 1-тиркеме ылайык;
2) Ведомстволук таандыктыгына карабастан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык мекемелерде ВИЧке, кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) акысыз текшерилүүгө жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) ВИЧке жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
4) ВИЧ менен ооруган адамдарды эмгекке тартууну жөнгө салуучу адистиктердин жана кызмат орундарынын тизмеги 4-тиркемеге ылайык;
5) ВИЧ боюнча кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүүгө укуктуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги 5-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-июнундагы № 346 "Чет өлкөлүк граждандарды медициналык тейлөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк граждандар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантында:
- 2-главанын "СПИДге, Hbs-антигенге кандын анализи" позициясындагы "СПИДге" деген аббревиатура "ВИЧке" деген аббревиатурага алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 679 "Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуладагы "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясын" деген сөздөр "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуктуруп алган балдардын ата-энелерине бир жолку акчалай компенсация төлөө тартибинде:
- 1-пункттагы "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" деген сөздөр "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 683 "ВИЧке байланыштуу психосоциалдык кеңеш берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтом тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте ишке тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-январындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Ведомстволук таандыктыгына карабастан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык мекемелерде ВИЧке, кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге (В жана С гепатити) акысыз текшерилүүгө жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон адамдардын ТИЗМЕГИ