Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы N 107, 2026-жылдын 11-майындагы № 329
токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - МЖӨ борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин (мындан ары - Улуттук агенттик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштеген мамлекеттик орган жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо боюнча орган болуп эсептелет.
4. МЖӨ борбору өз ишинде түздөн-түз Улуттук агенттикке отчет берет.
5. МЖӨ борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. МЖӨ борбору мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, чет элдик инвесторлор, эл аралык уюмдар, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен иштейт.
7. МЖӨ борбору юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасындагы алыш-бериш эсептери жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
8. МЖӨ борборунун толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Центр государственно-частного партнерства" при Национальном агентстве по инвестициям при Президенте Кыргызской Республики";
- англис тилде: "State institution "Public-private partnership center" under the National Investment Agency under the President of the Kyrgyz Republic";
- МЖӨ борборунун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көч., 8/1.
2. МЖӨ борборунун максаты
9. МЖӨ борборунун максаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) механизмдерин өнүктүрүү жана жеке инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык маанидеги МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана МЖӨ механизмдерин пайдалануу менен жеке сектордун башкаруучулук тажрыйбасын өнүктүрүү болуп саналат.