Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 329
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин жөнгө салуучу айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемесинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 8-пункттун бешинчи абзацында "Исанов көч., 87" деген сөздөр "Раззаков көч., 8/1" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта:
"в" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- эл аралык финансы институттарынын катышуусу менен ишке ашырылуучу МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну координациялайт;
- МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын алдындагы МЖӨ долбоорлорун даярдоо тобун түзөт жана ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу, маалыматты жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча "SOURCE" эл аралык маалымат системасын башкаруу жана колдонуу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдын функцияларын ишке ашырат;";
"г" пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын, ишкерлердин жана кызыкдар жактардын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча теориялык билим деңгээлин жана практикалык тажрыйбасын жогорулатуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, бизнес өкүлдөрүн жана бардык кызыкдар жактарды МЖӨ маселелери боюнча окутууларды өткөрөт;";
"г" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- МЖӨ чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзөт;";
"д" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- акы төлөнүүчү негизде адистердин, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо боюнча окутууну, тренингдерди, семинарларды уюштурат жана өткөрөт;".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| "3-тиркеме |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурс өткөрүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлору боюнча конкурс өткөрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
Конкурстун катышуучуларына квалификациялык талаптарга, жеке өнөктөштү баалоонун жана тандоонун критерийлерине тийиштүү бардык маалымат ар бир МЖӨ долбоору боюнча иштелип чыгуучу конкурстук документтерге (конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы, конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы) киргизилет.
2. Ушул Эрежелерде колдонулган терминдер "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) аныкталган маанилерде колдонулат.
3. Конкурс Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өткөрүлөт.
4. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушту даярдоонун алдында техникалык, финансылык, экономикалык, юридикалык, социалдык, экологиялык жана башка зарыл изилдөөлөрдү (конкреттүү МЖӨ долбооруна жараша) жүргүзүү сунушталат.
5. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш же жеке демилге жөнүндө сунуш бекитилгенден кийин Мыйзамдын 10-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык конкурстук документтерди даярдоону жана конкурсту өткөрүүгө байланышкан башка тиешелүү жол-жоболорду жүзөгө ашырат.
Инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашкан МЖӨ долбоорлору боюнча конкурстук документтер мамлекеттик өнөктөш тарабынан иштелип чыгат жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
6. Жогоруда белгиленген бардык жол-жоболор жасалгандан кийин конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган бир жумалык мөөнөттө конкурстук документтерди карайт жана тиешелүү чечимди кабыл алат.
7. Андан ары конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ар бир МЖӨ долбоору боюнча конкурстук комиссияны түзөт жана бекитет. Конкурстук комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча конкурстук комиссия жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
8. МЖӨ долбоорун даярдоо жана конкурсту өткөрүү үчүн конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте өз ишин Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган МЖӨ долбоорлорун даярдоо тобунун ичинен тиешелүү эксперттерди тартууга укуктуу.
9. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сом жана андан жогору болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс квалификациялык тандоодон жана конкурстун жеңүүчүсүн тандоодон турган эки этаптуу метод менен өткөрүлөт.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон аз болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс конкурстук сунуштарды квалификациялык критерийлер боюнча тандоону камтыган бир этаптуу метод менен өткөрүлөт.