Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-декабры № 674
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- "Социалдык тейлөөлөр" 3-главасында:
9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
9 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын "Кыргыз Республикасындагы илимий изилдөөлөр" илимий журналына макалаларды жарыялоо | УАК | УАК | Акы төлөнөт |
"Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр" 4-главасынын 10, 11, 12, 13, 63-пункттарындагы "ЖАК" деген аббревиатура "УАК" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
- "Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза кызматын көрсөтүү" 5-главасында:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
6 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу | АЧМ | ЖРЭТКМ, АЧМ | Акы төлөнөт |
12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитиле турган эпизоотияга каршы иш-чаралардын тизмегине ылайык ветеринардык-санитардык иш-чараларды өткөрүү | АЧМ | АЧМ | Акысыз |