Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-декабры № 725
Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 326, 2023-жылдын 14-августундагы № 410 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 380 "2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 276-VII токтому менен бекитилген Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегине ылайык ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүгө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин:
1) кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердик субъекттеринин арыздары боюнча;
3) башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;
4) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;
5) электр жана жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди түзүү жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;
6) бажы кызматы тарабынан бажы контролунда турган товарларга карата;
7) ташылып келүүчү, өндүрүлүүчү жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын, отундун сапатынын сакталышын көзөмөлдөө иретинде;
8) жер казынасын изилдөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттери тарабынан экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо маселелери боюнча;
9) социалдык маанилүү товарларга бааларды жөнгө салуу маселелери боюнча;