Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 19-майындагы № 353
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2020-жылдын 22-сентябры № 496
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды чектөөгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-июнундагы № 449 "Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин менчиктештирилген имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна жеке менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин райондук (шаардык) жерге жайгаштыруу башкармалыктары (мындан ары -Мамкаттоонун райондук (шаардык) башкармалыгы)" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары -жергиликтүү каттоо органы)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктунун биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгына" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "Жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгы" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун райондук (шаардык) башкармалыгына" деген сөздөр "жергиликтүү каттоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 "Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жободо: