Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 311
Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294, 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2005-жылдын 21-ноябрындагы № 176 «Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди түзүүнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө» нускаманы бекитүү тууралуу» буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 19-майындагы № 353
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 токтому менен бекитилген |
Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу жобо
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 24-марты № 151, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана берүү тартиби тууралуу бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан, жеке жана юридикалык жактарга жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерди (мындан ары - укук күбөлөндүрүүчү документтер) тариздөө жана берүү тартибин белгилейт.
2. Жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө укук күбөлөндүрүүчү документтер болуп саналат:
- жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт;
- жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) тууралуу мамлекеттик акт;
- жер участогун убактылуу пайдаланууга укук берген күбөлүк же ижара келишими;
- жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүк.
3. Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт короо-жай, бакча-дачалык жер участокторуна, турак жана дачалык үйлөрдү курууга бөлүнгөн, турак жана дачалык үйлөргө бекитилген, имараттары жана курулмалары менен менчиктештирилген, анын ичинен соодалашып сатып алынган жер участокторуна менчик укугун алган жеке жана юридикалык жактарга берилет.
Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт укук бекитүүчү документтердин негизинде, башкача айтканда сатып алуу-сатуу, белек кылуу, жер участогун алмашуу келишимдеринин, соттун чечиминин, жер участогун менчикке берүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын (жергиликтүү мамлекеттик администрация, ыйгарым укуктуу органдын токтому) токтомунун негизинде, ошондой эле имаратты, курулманы, имарат ичин менчикке өткөрүү тууралуу менчиктештирилген документтердин (күбөлүк же атайын ыйгарым укуктуу органдын чечими) негизинде берилет.
Ошондой эле Жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт тийиштүү райондун, шаардын административдик чегиндеги жер участогуна таризделет.
4. Жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу тууралуу мамлекеттик акт жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын токтомунун негизинде мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга берилет.
5. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу жана/же ижара келишими тууралуу ыйгарым укуктуу органдын (жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) токтомунун негизинде жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган жеке жана юридикалык жактарга берилет.