Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
2022-жылдын 30-июну № 356
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
1) Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагына памирлик кыргыздарды жайлаштыруу үчүн шаарчанын курулушу жана иш-чаралар планында көрсөтүлгөн башка иш-чаралар үчүн 2022-жылга 72920000 (жетимиш эки миллион тогуз жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө кошумча каражаттарды издесин жана тиешелүү мамлекеттик органдарды каржылоону жүзөгө ашырсын;
2) 2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарын иш-чаралар планынын 1.1, 1.2, 1.4, 2.1, 2.3, 2.7 жана 2.9-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо үчүн 2023-жылга 85790000 (сексен беш миллион жети жүз токсон миң) сом, 2024-жылга 72920000 (жетимиш эки миллион тогуз жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө кошумча каражаттар менен камсыз кылсын.
3. Иш-чаралар планынын аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) иш-чаралар планын аткаруу боюнча милдеттүү чараларды көрсүн;