Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-февралы № 71

2023–2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору тармагын өнүктүрүү жана жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. 2023–2030-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 372 «2016–2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2023-жылдын 24-февралында www.gov. kg сайтына жарыяланган

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров