Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 22-декабры № 153
Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө
(КР 2003-жылдын 6-мартындагы № 53, 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58, 2007-жылдын 9-августундагы № 141, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 228, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2009-жылдын 30-мартындагы № 99, 2009-жылдын 30-мартындагы № 102, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 ,2012-жылдын 8-августундагы № 155 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183, 2013-жылдын 9-июлундагы № 124,10 февраля 2017 года № 23, 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30, 2023-жылдын 15-августундагы № 182 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79, 2025-жылдын 31-июлундагы № 183, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун иштешинин укуктук негизин жана тартибин белгилейт. Каттоо тутуму кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү ушул Мыйзамга ылайык катталган буюмдук укуктарды мамлекеттик таанып-билүүчү жана буюмдук мамилелердин ошондой эле кыймылсыз мүлк жана аны менен болгон бүтүмдөр рыногунун өнүгүшүнө көмөктөшүү максатын көздөйт. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган каттоо тутумун ишке киргизет.
1-глава Жалпы жоболор
1-статья. Терминдер жана аныктамалар
1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү
мамлекеттик каттоо (мындан ары - укуктарды мамлекеттик каттоо) - мамлекет тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктарды, аларды түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү), ошондой эле ушул Мыйзамда каралгандан тышкаркы учурларда катталган укуктар менен түйшүккө салууларды (чектөөлөрдү) коргоону камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү да таануунун жана тастыктоонун юридикалык акты.
2. Кыймылсыз мүлк - жер участоктору, кен байлыктарынын участоктору, өзгөчөлөнгөн суу объекттери жана жерге байланышкан, алардын багытталышына жараша зыян келтирмейинче жылыштырууга мүмкүн болбогон бардык нерселер, анын ичинде токойлор, көп жылдык көчөттөр, имараттар, курулуштар ж.б.
3. Кыймылсыз мүлк бирдиги (кыймылсыз мүлктөр) - өзүнчө белгиленген чеги бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке же юридикалык жактардын, мамлекеттик же муниципалдык менчикте же пайдаланууда турган жер участогу, имарат, курулуш, батир же дагы башка кыймылсыз мүлк.
(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Каттоо тутуму - кыймылсыз мүлк жана аны менен болгон бүтүмдөр бирдигине укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутуму.
5. (2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
6. Каттоого алуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кыймылсыз мүлк бирдигине карата укуктардын жана аларды түйшүккө салуулардын (чектөөлөрдүн) келип чыгышы, өзгөрүшү, өтүшү же токтошу жөнүндө мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун негизги документтерине жазып коюу.
7. Идентификациялык код - жекече, Кыргыз Республикасынын аймагында кайталанбай турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жол-жобого ылайык кыймылсыз мүлк бирдигине бериле турган, бул бирдик катталган укуктун бирдиктүү объекти катары турганда сакталуучу каттоо номерлеринин жыйындысы.
8. Менчик ээси же пайдалануучу (титул кармоочу) - аты-жөнү же аталышы, ушул Мыйзамга ылайык кыймылсыз мүлктүн менчик ээси же пайдалануучусу катары катталган жеке же юридикалык жак.
9. Кыймылсыз мүлк менен жасалган бүтүм - кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын аракети.
10. Чектөө - кыймылсыз мүлк бирдигине ээлик кылуу, тескөө, пайдалануу укуктарын, анын ичинде үчүнчү жактардын укуктарын чектөө (келишим боюнча ижара, күрөө, ипотека, сервитуттар, милдеттенмелер, мүлккө камак салуу жөнүндө соттун чечимдери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, кыймылсыз мүлктүн ээсинин же пайдалануучунун укуктарын чектеген башка укуктар). Чектөө, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн ээлеринин же пайдалануучуларынын кыймылсыз мүлктү жалпы күтүүгө ыктыярдуу мүчөлүк акы төлөп турууга милдеттендирген ар кандай макулдашууну да камтый алат.