Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 3-марты № 126

Академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендия белгилөө жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана корреспондент-мүчөлөрүнүн илимий-чыгармачылык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ал үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендиялар белгиленсин:

- анык мүчөлөргө (академиктерге) 15000 сом өлчөмүндө;

- корреспондент-мүчөлөргө 7500 сом өлчөмүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы:

- бюджетте каралган каражаттардын чегинде академиялык наамдар үчүн ар айлык стипендияларды төлөсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 17 "Академиялык наам үчүн ставкаларды белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров