Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-июлундагы № 473
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-марты № 114
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 5-августундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасына олуттуулук жана маанилүүлүк берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жөнүндө жободо:
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары учурдагы жылга бештен ашпаган талапкерди сыйлоого сунуш киргизе алат.
Сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүү майрамдоо даталарына: Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө (5-май), Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө (31-август) жана жылдын жыйынтыгы боюнча (31-декабрь) туура келүүгө тийиш.
Грамота менен сыйлоо жөнүндө өтүнүч берген адамдар сыйлоого сунуштун негиздүүлүгү жана алар кол койгон сыйлоо жөнүндө материалдарда баяндалган маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
- 13-пунктта:
экинчи абзацтагы "12" деген цифралар "15" деген цифраларга алмаштырылсын;