Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 166 токтомуна) |
Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-майындагы № 271, 2023-жылдын 14-августундагы № 403 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Баткен облусунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 159 (КПҮ) токтому менен бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын (мындан ары - Программа) өз убагында жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 500000000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндө республикалык бюджетте каралган каражаттарды пайдалануу жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Ушул Тартипке ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 154 тескемеси менен түзүлгөн Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин чечими менен жактырылган инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду (мындан ары - долбоор) ишке ашыруу үчүн пайдаланылат.
3. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттер тарабынан сунушталган долбоорлорду карайт.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) өтүнмө - жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ишкердик субъект тарабынан Программаны ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен долбоорду каржылоого Тартиптин 1-тиркемесине ылайык өтүнмөнүн типтүү формасы боюнча даярдалган долбоордун баяндалышы;
2) өтүнмө ээси - долбоорлорду тандоого катышуу үчүн өтүнмө берген жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ишкердик субъект;
3) инфраструктуралык долбоор - бул социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдарды ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана көлөмүн негиздөө менен өндүрүштүк, социалдык, транспорттук, инженердик системалардын, туристтик тейлөө чөйрөсүнүн иштешин камсыз кылуучу инфраструктуралык объектти түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
4) экономикалык долбоор - киреше алуу максатында жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү же иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоо же модернизациялоо үчүн ишкердик субъекттер тарабынан тикелей инвестициялоонун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
5) ишкер субъект - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Баткен облусунда каттоодон өткөн жана уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жак.
3-глава. Каражаттарды пайдалануунун артыкчылыктуу багыттары
5. Инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорго каражаттарды бөлүштүрүүнүн пропорционалдуулугу Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш тарабынан аныкталат.
6. Бөлүнүүчү каражаттар төмөнкү багыттар боюнча долбоорлорго бөлүштүрүлөт:
1) инфраструктураны, анын ичинде туризмдин, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, калкты социалдык коргоонун инфраструктурасын өнүктүрүү;