Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 259 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 155 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун жана аларды чечүү боюнча чаралардын автоматташтырылган электрондук реестрин (мындан ары - Реестр) түзүү жана жүргүзүү тартибин аныктайт.
Реестр боюнча иш жүргүзүү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
2. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
жагымсыз фактор - ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине терс таасир тийгизген себеп;
Реестр - ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлордун топтомунун автоматташтырылган электрондук системасы;
ыйгарым укуктуу орган - ишкердик ишти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган, Реестрди түзүүгө жана жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик орган;
комиссия - ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин төрагалыгы астында Реестрге киргизилүүгө тийиш болгон ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине жагымсыз таасирин тийгизген факторлорду аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия;
жооптуу орган - жагымсыз фактор пайда болгон тиешелүү тармакта саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
фактордун паспорту - ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык бекитилген форма, ал системалык жагымсыз факторлор жөнүндө маалыматты камтыйт;
факторлорду каттоо - Реестрге бекитүү (жазуу) электрондук-санариптик форматта жүзөгө ашырылат;
оператор - Реестрди жүргүзүүнү башкарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик/муниципалдык орган же башка уюм.
3. Жагымсыз факторлорго төмөнкүлөр кирет: