Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-апрели № 179
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунушу боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жөнүндө жободо:
- 16-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Директордун орун басары Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
2) аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат жөнүндө жободо:
- 16-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Директордун орун басары Кызматтын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 488 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы N 488 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.