Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 17-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 , 2023-жылдын 5-декабрындагы № 652 , 2025-жылдын 27-мартындагы № 159, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин (мындан ары - Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды аткарууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук түзүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактардын бирикмелери жана башка уюмдар менен ишке ашырат.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү штампы, фирмалык бланктары жана казыналык системасында эсептери бар.
Уюштуруу укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өз атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти";
- расмий тилде: "Департамент туризма при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики".
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Туризм департаменти";
- расмий тилде: "Департамент туризма".
9. Департаменттин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, Киев көчөсү, 96 "Б".