Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-февралы № 58

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Пробация органынын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 354 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 17-февралындагы № 12 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У.Жапаров