Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-майы № 289
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялар
чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 700 токтомунун редакциясына ылайык)
Инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды өркүндөтүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-мартындагы № 75 "Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- 10-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) автомобиль транспорту, анын ичинен электробустар, автобустар;";
-төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:
"14) курулуш.";
2) 2-пунктта:
- биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын;