Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 305 токтомуна) |
Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 149 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелери жана башка уюмдары (мындан ары - катышуучу) менен валюталык активдерди алмаштыруу тартибин аныктайт (мындан ары - валюталык своп-операция).
2. Ыйгарым укуктуу орган валюталык своп-операцияларды Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Ыйгарым укуктуу орган валюталык своп-операциялардын төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
- түз своп;
- кайтарым своп.
4. Валюталык своп-операциялар улуттук валютада ликвиддүүлүктү камсыз кылуу (түз своп) же ашыкча ликвиддүүлүктү алып салуу (кайтарым своп) максатында жүзөгө ашырылат.
5. Ушул Жобонун 10-пунктунун талаптарына жооп берген финансы-кредиттик жана башка уюмдар валюталык своп-операциялардын катышуучулары болуп саналат.
6. Катышуучу улуттук валютаны пайдалангандыгы үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген пайыздарды төлөйт.
7. Катышуучу менен ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы валюталык своп-операциялар боюнча өз ара мамилелери ушул Жобо жана ыйгарым укуктуу орган менен катышуучунун ортосундагы валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндөгү эки тараптуу макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү форма боюнча жөнгө салынат.
8. Ар бир валюталык своп-операция Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган келишимде аныкталган шарттарда жүргүзүлөт. Келишим Макулдашууда белгиленген талаптарга карама-каршы келбеши керек.
2. Аныктамалар жана терминдер
Бул Жободо төмөнкү аныктамалар жана терминдер колдонулат:
1) валюталык своп-операция - улуттук валютаны чет өлкөлүк валютадагы эквиваленттүү суммага алмаштыруу боюнча операция, мында бул сумманы алдын ала сүйлөшүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин кайра алмаштыруу жана улуттук валютаны пайдалануу үчүн эсептелген пайыздарды төлөө милдеттенмеси келип чыгат;
2) алмаштыруу валютасы - валюталык своп-операция боюнча актив катары колдонулуучу чет өлкөлүк валюта;