Редакцияот 19.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 19-июну № 305

Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 71-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Валюталык активдерди алмаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512)

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров