Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-июнунудагы № 307 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу
“Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор”
мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 489, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Министрлик эсептелет.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор” мамлекеттик ишканасы;
– расмий тилде – Государственное предприятие “Межрегиональный центр по защите территорий” при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде – “Региондор аралык борбор” МИ;
– расмий тилде – ГП “Межрегиональный центр”.
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жүргүзүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.