Редакцияот 12.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын 12-августу № 489

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, сапатын камсыз кылуу жана мөөнөттөрүн кыскартуу, объекттерди куруу жана капиталдык оңдоо жаатындагы стратегиялык маанилүү долбоорлорду аткарууну тездетүү, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

–  14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“–  мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;

2)  жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

–  14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“–  мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;

3)  жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

–  14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“–  мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;

4)  жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:

–  14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: