Загрузка документа…
|
| 10-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366, 2025-жылдын 14-февралындагы № 69, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 782, 2026-жылдын 9-мартындагы № 167 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматынын (мындан ары - Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштөөчү, геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кызмат юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, алыш-бериш, агайын жана башка эсептери бар.
Уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
6. Кызмат өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
7. Кызмат бюджеттик каражаттардын, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
8. Кызматтын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
9. Кызматтын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы";
- расмий тилде: "Кыргызская геологическая служба Министерства природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2.
Кызматтын кыскартылган аталышы: