Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-апрели № 229
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган реестринде (тизмегинде):
- "Билим берүүчү жана маданий тейлөөлөр" деген 1-главада:
6-пункттагы "КРЖКИБ, КРПӨИБ" деген сөздөр "КРПИБ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
38-1, 41-44, 47-49, 51, 54, 60-62, 65-пункттардагы "ТЖМ" деген аббревиатура "ЖАМА" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
118, 119-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
118 | Авиация персоналын баштапкы даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча кесиптик билим берүү | ЖАМА | ЖАМА | Акы төлөнөт |
119 | Авиация персоналын даярдоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик, расмий, чет тилдерди, компьютердик техниканы үйрөнүү боюнча курстар | ЖАМА | ЖАМА | Акы төлөнөт |
66-пункттагы "ФМ" деген аббревиатура "ФМ, ЖМКМА" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Медициналык тейлөөлөр" деген 2-главада:
1-пункттагы "Коргоо комитети" деген сөздөр "КМ" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
27-39-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: