Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-сентябры № 496
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасына маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана креативдүү индустрия чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерди тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- экинчи абзацта "2023-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 30-июнуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте пилоттук долбоор аяктаганга чейин мамлекеттик санариптик платформа аркылуу туруктуу негизде чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.";
2) 3-пунктта "2023-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 30-июнуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги пилоттук долбоор жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү багыттасын, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу башка тиешелүү чараларды көрсүн.";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга министрликтерди жана мамлекеттик комитетти каржылоого каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жободо: