Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 токтомуна) |
Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 309, 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар (мындан ары – Талаптар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соода рынокторунун аймагында ишти жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө карата колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы соода рыногунун ээси салыктык жана/же эсептик каттоосу жок болгон, ишкердик субъекттер учурдагы салыктык мезгил үчүн салыктарды төлөбөгөн учурда, ошондой эле салык органын сунушу боюнча ижара келишимин бузууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагы тосулууга, видеобайкоо системасы менен жабдылууга жана ишкердик субъектине жана анын товарларына карата салык контролун жүргүзүү мүмкүндүгү менен жабдылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймактарын ыңгайлаштырууга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) автотранспорт каражаттары үчүн шлагбауму бар кирүү жана чыгуу жолдорунун болушу;
2) сезондуулукту эске алуу жана видеобайкоо камераларына жана интернетке жетүү менен өзүнүн функциялык милдеттерин аткаруусу үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга (салык органдары жана укук коргоо органдары) арналган кызматтык жайлардын болушу;
3) соода рыногунун аймагында ишин жүзөгө ашырган ишкердик субъекттердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күзөттүн болушу;
4) персонал жана келүүчүлөр үчүн суу түтүгүнүн жана канализациянын борборлоштурулган тармактарына кошуу менен коомдук пайдаланылуучу жерлерге аныкталган талаптарга ылайык орнотулган жана жабдылган дааратканалар. Суу менен жабдуунун жана канализациянын борборлоштурулган тармактары райондо жок болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча суу менен жабдуунун жана канализациянын жергиликтүү системаларын орнотууга жол берилет;
5) соода объекттеринин, күзөт кызматтарынын, милициянын, рыноктун администрациясынын, өрт өчүрүүчү щиттин (гидранттардын) жапа даараткананын толук жайгашуу схемасы менен маалыматтык такталардын болушу;
6) рыноктор менен өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда мүмкүн болуучу өрттөрдү өчүрүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн бекитилген планынын, өрт өчүрүүнүн ыкчам планынын болушу;
7) жүк ташуучу жана жеке транспорт үчүн жабдылган унаа токтотуучу жайлар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 309 токтомунун редакциясына ылайык)