Загрузка документа…
| 9-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш
ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл
министрлигине караштуу "Борбордук
лаборатория" мамлекеттик ишканасынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231, 2025-жылдын 4-декабрындагы № 780, 2025-жылдын 8-декабры № 782 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (мындан ары - мамлекеттик башкаруу органы) саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Центральная лаборатория" при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Борбордук лаборатория" МИ;
2) расмий тилде: ГП "Центральная лаборатория".
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде чет өлкөлүк валютадагы, финансы-кредит мекемелериндеги эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилчилик (кепилдик) алган учурлардан тышкары, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.