Редакцияот 15.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 15-ноябры № 597

 

Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 9-статьяларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр үчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын граждандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 18-октябрындагы Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-сентябрындагы № 437 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы № 91 (3540) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров