Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы
2023-жылдын 2-сентябры № 26-1
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аймактагы жарандардын социалдык маселелерин канааттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктор менен камсыздоо боюнча Программасын бекитүү жөнүндө
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай куруу үчүн жер участок менен камсыз кылып, 2018-жылдан бери чечилбей келе жаткан социалдык көйгөйдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-4 -бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун” негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл аймагынын жарандарын турак үй куруу үчүн жер участок менен камсыздоо программасы бекитилсин. (1,2-тиркемелери)
2. Бул токтомду аткарууга алуу жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде иш алып баруу жагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Осмоналиев |
Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин кезексиз 26 сессиясында бекитилди
Төө-Моюн айылдык кеңешинин
төрагасы_________А.Осмоналиев
02.09.2023-жыл
Араван району Төө-Моюн айыл
өкмөтү
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз
кылуу боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн
ПРОГРАММАСЫ
Төө-Моюн айылдык кеңеши
Араван районундагы
Төө-Моюн айылдык кеңешинин
8-чакырылышы 26-кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 2-сентябрындагы
№26-1 токтомуна №1-тиркеме.
Төө-Моюн айыл аймагында жашоочу тургундардын турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн
Иш чаралар
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | Эскертүү |
1 | Айылдардагы турак жай курууга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо | 2023-ж | Айыл башчылар, жер адистер |
|
2 | Турак жай курууга муктаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү | 2023-ж | Айыл башчылар, жер адистер |
|
3 | Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо | 2023-ж | М.Осмонов, айыл башчылар, жер адистер |
|
4 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү | 2023-ж | М.Осмонов, айыл башчылар, жер адистер |
|
5 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттар-ында архитектуралык иш кагаздарын даярдоо | 2023-2024-ж | М.Осмонов, Д.Газыев, айыл башчылар, жер адистер |
|
6 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттар-ын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2023-2024-ж | Айыл өкмөтү, А.Осмоналиев |
|
7 | Турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкесин-ин өлчөмүн жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2023-2024-ж | Айыл өкмөтү, А.Осмоналиев |
|
8 | Турак жай куруу үчүн жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүнү уюштуруу | 2023-2024-ж | Айыл өкмөтү, А.Осмоналиев, айыл башчылар |
|
Төө-Моюн айылдык
кеңешинин катчысы: Икирам уулу А
Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин 8-чакырылышы 26-кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 2-сентябрындагы №26-1 токтомуна №2-тиркеме.
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн ПРОГРАММАСЫ
1.Киришүү.
2.Программанын максаты жана милдеттери.
3.Айыл тургундарын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө
4.Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
5.Күтүлүүчү натыйжалар
1.Киришүү
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары — Программа) Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга берилет деп белгиленген.
Төө-Моюн айыл аймагында азыркы күндө элдин саны 18 800 кишини түзөт. Жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, 2020-жылы 290, 2021-жылы 340, 2023-жылдын 9 айында 163 үй-бүлө курулган. Адам санынын эсебинен чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны эки жана үчкө жеткендиги, ар түрдүү себептер менен турмушу бузулуп кеткен үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгү жок айыл тургундарынын санынын артышы, жер участогун алууга мыйзам чегинде жеңилдиги бар айыл тургундары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн убакытта алардын саны 643 кишиге жеткен.